Кара-Суудагы Датка жана Манас айылдары селден тазаланды

  • 2 месяца мурун

Селден жабыркаган Ош облусунун Кара-Суу районунун Датка жана Манас айыл аймагында сел кирген турак үйлөр 17-июлда толук тазаланды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.  

Тазалоо иштерине ӨКМден жалпы 341 өздүк курам, жарандык коргонуу кызматы тарабынан 722 кызматкер, жалпы 1063 адам тартылды.

ӨКМден жалпы 28 атайын техника жана 15 инженердик техника, 3 өрт өчүрүү техникасы, 19 мотопомпа, ал эми жарандык коргонуу кызматы тарабынан 20 инженердик техника, 15 мотопомпа тартылды.

14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган.

Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен. Шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел болуп, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды жана алардын онго жакыны балдар.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты