Кара-Кыргыз автоном облусуна –100 жыл. Улуттук банк күмүш монетаны жүгүртүүгө чыгарат 

  • 4 недели мурун

Улуттук банк Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 20-августтан тартып коллекциялык күмүш монетаны жүгүртүүгө чыгарат.  

Бул тууралуу Улуттук банк сайтында билдирди.

Маалыматта айтылгандай, «Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» монетасынын алдыңкы бетинде негизги элемент катары Ала-Тоо тоолорун чагылдырган «100» деген сан, улуттук оймо-чийме жана чексиздик белгиси, ошондой эле «жыл» деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында Кыргыз Республикасынын улуттук символу – ак илбирстин сүрөтү, ошондой эле монетанын номиналы «10 сом» чагылдырылган. Монетанын жогору жагында Ала-Тоо тоолору түшүрүлгөн. Монетаны тегерете «Кара-Кыргыз автономиялуу облусу /Кара-Кыргызской автономной области – 100 лет» деген жазуу жайгашкан.  

Монетанын арткы бетинде Ала-Тоо тоолорунда кездешкен гүлдөрдү чагылдырган оймо-чиймелердин так ортосунда Кыргыз Республикасынын герби жайгашкан. Монетанын оң жана сол тараптарында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы/Национальный банк Кыргызской Республики» жазуулары түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында монета чыгарылган жыл – «2024», металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (28,28 g) көрсөтүлгөн. 

Кара-Кыргыз автоном облусуна –100 жыл. Улуттук банк күмүш монетаны жүгүртүүгө чыгарат 
Кара-Кыргыз автоном облусуна –100 жыл. Улуттук банк күмүш монетаны жүгүртүүгө чыгарат 

«Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. 

Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.  

Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 4 820 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат. 

Сүрөттөр: Улуттук банк

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты