Кара-Кулжада сел төрт кишини агызып кеткени кабарланды

  • 2 месяца мурун

30-июнь күнү кечинде Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл аймагында сел төрт кишини агызып кеткенин өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматта сел агызып кеткендердин үчөөнүн сөөгү табылганы, бирөө изделип жатканы кабарланды.

30-июнь күнү Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагында саат 20:00 чамасында катуу жаап, Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Ооз тилкесинде саат 21:50 чамасында Daewoo Matiz үлгүсүндөгү (мам номери 06KG489AFT) автоунаа селдин агымына туш болуп, аны сел агызып кеткен.

Унаада 5 киши болгону кабарланды. Кырсык болгон учурда айдоочу жүргүнчүлөрдүн бирин куткарып калган, төрт адам агып кеткен.

Сүрөт: ӨКМ. Селди тазалоо иштери

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты