Кара-Кулжада сел агызып кеткен төртүнчү кишинин сөөгү табылды  

  • 2 месяца мурун

Кара-Кулжада сел агызып кеткен төртүнчү кишинин сөөгү бүгүн, 1-июлда, табылды.  Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.   

Кечээ, 30-июнда, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда саат 22:15тер чамасында Кара-Гуз айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Оозу тилкесинде сел жүрүп, «Deo Матиз» үлгүсүндөгү унаасын сел агызып кеткен.

Сел агызып кеткен машинанын ичинде беш жаран болгон, алардын бирөө жергиликтүү жарандар тарабынан куткарылып, калгандарын сел алып кеткен. Үч жарандын сөөгү буга чейин табылган, куткаруучулар төртүнчүсүн табышканын билдиришти.

Жеринде ӨКМден 50 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер, тез жардам кызматынан жана жергиликтүү тургундардан 300дөй адам кечээтен бери издөө иштерин жүргүзүп келген.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты