Кара-Көл шаарынын экс-мэри кылмышка шектелип кармалды

  • 1 день мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу жана коротуу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын экс-мэри Е.И.М. кармалды.

УКМК басма сөз кызматы билдиргендей, Кара-Көл шаарынын мэриясынын кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Токтогул районунун Үч-Терек айылынан Кара-Көл шаарынын Кетмен-Төбө айылына чейинки узундугу 10 чакырымдан ашык суу түтүк тармагын куруу боюнча «К.Б.»ЖЧКсы менен атайылап пайдасыз келишим түзүшкөндүгү, анын натыйжасында мурда болгон суу түтүктөрү демонтаждалып, сатылып кеткендиги аныкталган.  

Ал эми жаңы тармакты куруу боюнча иштер сапатсыз аткарылгандыгы, буга байланыштуу түтүк өткөргүчтөр пайдаланууга жараксыз болуп, Кетмен-Төбө айылынын тургундары 10 жылдан ашык убакыттан бери  ичүүчү таза  суу менен камсыздалбай келишкен.    

Мындан тышкары, E.И.M. Кара-Көл шаарынын мэри болуп иштеп турганда мыйзамсыз жол менен алынган мүлктү легалдаштырган деп шектелүүдө.

Учурда УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жана келтирилген зыянды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты