Кара-Көл шаар кеңешинин төрагасы жана депутаты 500 миң сом пара талап кылууга шектелүүдө

  • 2 месяца мурун

Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы менен депутаты «Капчыгай» кафесинин мурдагы ээсинен пара талап кылып жаткан жеринен кармалды.

Кара-Көл шаар кеңешинин төрагасы жана депутаты 500 миң сом пара талап кылууга шектелүүдө

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, шаардык кеңештин депутаты К.Б.Н.  бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп туруп, шаар кеңешинин төрагасы аркылуу Кара-Көл шаарынын мэриясынын бюджетине 2024-жылга карата «Капчыгай» кафесинин мурдагы ээсинен курулуштарды муниципалдык менчикке сатып алууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн 500 миң сом акча талап кылгандыгы аныкталды.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты жана төрагасы УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Аталган депутат К.Б.Н. коомдук талкууга социалдык-тиричилик жана социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселелерди бир нече жолу көтөрүп, жарандардын кызыкчылыктары үчүн жалган күрөш жүргүзүү аркылуу аларды адаштырууга аракеттенип, иш жүзүндө пара талап кылуу менен алектенген. Мындан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жасалма тоскоолдук жаратып, ошону менен коомдук кызыкчылыктарга зыян келтирип жаткандыгын белгилей кетүү зарыл.

Тергөө иштери жүрүп жаткандыгы белгиленди, ошондой эле  жана кармалган адамдардын башка кылмыш фактылары аныкталууда.

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

   
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты