Кара-Балтадан суудан аялдын жансыз денеси табылды
- 2 года мурун
Кара-Балтадан суудан аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кара-Балта шаарынын Чапаев көчөсүндөгү сууда 1975-жылы туулган А.А. аттуу аялдын денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 3 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Муну бөлүшүү