Каныбек Туманбаев жаңы Ак үйдүн курулушу тууралуу айтып берди

  • 3 недели мурун

30-августта Бишкекте президенттик администрациянын жаңы имараты — «Ынтымак Ордонун» ачылыш аземи болуп өттү. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жаңы Ак үйдүн курулушу тууралуу «Азаттыктын» жана 24.kgнин журналисттеринин суроолоруна жооп берген.

Каныбек Туманбаев «Ынтымак Ордонун» жалпы аянты 39 миң 700 чарчы метрди түзөрүн билдирген. Ошондой эле имаратты курууга кеткен чыгым 10-15 күндүн ичинде толук эсептелип чыгарыларын жана чыгым тууралуу маалымат кийин берилерин айткан. Ал эми жаӊы Ак үйгө президенттин администрациясы менен Министрлер кабинети 10-сентябрга чейин көчүп келүүнү пландап жатканын да кабарлаган.

Анын айтымында, жаңы Ак үй беш кабаттан жана жер төлөөдөн турат. Шыбынын бийиктиги 14 метрге жеткен биринчи кабаттын фойесинде расмий иш-чараларды өткөрүү үчүн 11 бөлмө бар. Имараттын дизайнын түзүүгө ата мекендик жана түрк дизайнерлери катышканын. Ошондой эле курулушка 3 миңден ашык адам тартылган, алардын эмгек акысы калган майда жумуштардын бардыгы аяктагандан кийин субподрядчылар аркылуу төлөнөрүн кошумчалаган.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты