Камчыбек Ташиевге генерал-полковник наамы ыйгарылды

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 31 -августта президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевге генерал-полковник аскердик наамын ыйгарды.

Наам тапшыруу аземинде өлкө башчы Камчыбек Ташиевдин өлкөнүн улуттук коопсуздугун чыңдоо, чек араны бекемдөө жана күч органдарын реформалоо боюнча жасаган иш-аракеттерин жалпы журт жакшы билерин айткан.

«Ал эми улуттук экономикабызга кедергисин тийгизип, эгемендик жылдарында тамырын терең жайган коррупция менен келишкис күрөш жүргүзүп, жеке өмүрүнө коркунуч келиши мүмкүн экенине карабай, эбегейсиз иштерди жүргүзүп келаткандыгын да баса белгилеп айтып кетейин»,-деген президент өз сөзүндө.

Садыр Жапаров 31-августта «Ынтымак Ордо» аталган жаңы президенттик администрациясында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө жана эл алдында эмгеги сиңген инсандарга наамдарды ыйгарып, мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Архивдик сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты