Камчыбек Ташиевдин кызына айдоочулук күбөлүк алып берүүгө жардамдашкан УКМК кызматкерлери жазаланды

  • 5 дней мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызынын айдоочулук күбөлүгүн алууда жардам көрсөткөндүгү үчүн УКМКнын ар кандай кызматтагы жети кызматкери жазаланды. Алардын үчөөнө катуу сөгүш, экөөнө сөгүш жана экөөнө кызмат ордуна толук туура келбегендигине байланыштуу эскертүү берилди.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.   

“Бул чаралар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көрсөтмөсүнө ылайык кабыл алынды. Ал жакында эл алдында сүйлөгөн сөзүндө укук бузууларга жол берилбестигин билдирип, мамлекеттик кызматта турганда Улуттук коопсуздук органынын кызматкерлерин туугандарынын жана тааныштарынын таасирине алдырбоого чакырды” деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда укукка каршы жосунга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы белгиленди.

УКМК кызматкерлери Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы «Унаа») директору Рустам Жокоев жана бир катар кызматкерди кармашты.

Кармоо мамлекеттик агенттиктин чыгыш башкармалыгындагы экзамендерди өткөрүүгө байланыштуу экени айтылды.

Атайын кызматтын маалыматында, айдоочулук күбөлүк алуудагы экзамендерден жеңил өткөрүү үчүн тийиштүү кызматкерлер ортомчулар аркылуу пара алган. УКМКнын алдын ала эсебинде Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин бир эле филиалынан ай сайын 10 миллион сомдун тегерегинде мыйзамсыз акча жыйналган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты