Камчыбек Ташиев Мунарбек Сейитбек уулун куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Мунарбек Сейитбек уулун куттуктады.

Анын видеосу социалдык тармактарга тарады.

“Сенин бүгүнкү мелдешиң мамлекет үчүн болуп жатат. Сен ушуну эстен чыгарба. Ушундай учурда тиштенип туруп, ачууңду келтирип туруп, кыргызча сок! Биз сага ишенебиз,  сен биздин, элибиздин-журтубуздун, мамлекетибиздин баатырысың. Бардык кыргызстандыктардын намысы сенин колуңда турат, намысты бербегиниң. Баарыбыз жанып атабыз, күйүп атабыз, сен үчүн. Макулбу, уулум? Сага ишенебиз” деди Камчыбек Ташиев.

Бүгүн, 9-августка караган түнү, мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиада оюндарында бокс боюнча мелдеште финалга чыкты. Ал 57 килограмм салмак ченинде болгариялык спортчу Хавьер Ибаньес Диасты 4:1 эсебинде жеңди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты