Камчыбек Ташиев бийликти басып алууга шек саналып кармалгандар боюнча комментарий берди

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалгандар тууралуу 7-каналга айтып берди.  

“Бизде булар жөнүндө башынан эле толук маалыматтар бар болчу. Куралдарды, аскер кийимдерин сатып алып жатышканы, дрондорду издеп жүрүшкөнү жана жардыргыч заттарды кантип “кустарный метод” менен жасасак болот деп кызыгып жүрүшкөнүн билгенбиз. Кайсы жерден курал сатып алышты, кимдер аркылуу аскер кийимдерине буйрутма беришкен, аларды кайда катышты баарынын артынан түшүп, видео байкоолорго жаздырып жүргөнбүз. Баары бышып жетилгенден кийин балдар кармап келишти. Алардын максаты: өткөндө жүз берген окуялардын шылтоосу менен элди көтөрүп, аскер кийимдерин кийип, чогулган элди атууга багышталган арам ойлору бар эле. Жаман ишти кылаар замат, ошол эле аскер кийим кийген балдар шапкелерин ыргытып, үстүңкү кийимдерин чечип ыргытып, “мына, биз эл тарапка өттүк” деп жарыялашмак. Ошентсе, “бүткүл өлкө боюнча эл бизди колдоп кетет”деген чолок акыл пландары болгон” деди Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) массалык башаламандыктарды уюштуруу жана коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аркылуу бийликти күч менен басып алууну пландаган деген шек менен деструктивдүү топ кармалганын 6-июлда кабарлаган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, жогоруда айтылган шек менен К.Б.А., М.Э.Ж., Б.Б.К., М.А.Ж. жана С.А.Б. аттуу жарандар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты