Камчы Көлбаевдин апасынын соттук иши уланууда

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиеванын ишин кароо уланууда. Мая Алиева Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу кирешелерди адалдоо” беренеси боюнча айыпталууда. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, сотко судья Тилектеш Бегалиев төрагалык кылууда. Андан мурун аймактык дарыгер Айгерим Темиркулова көрсөтмө берип, 74 жаштагы соттолуучунун абалы тууралуу айтып берген.

«Алиеванын жактоочусу Бактыбек Жумашев айыптоо корутундусуна кирген кыймылсыз мүлктү каттоого алуу өтүнүчү менен кайрылган, бирок сот аны канааттандырган эмес»,-деп айтылат кабарда.

Мамлекеттик айыптоочу Мая Алиеваны он жылга эркинен ажыратууну жана сотто көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлкүн мамлекеттин кирешесине конфискациялоону суранганы айтылды.

Буга чейин айыпталуучунун жактоочусу айыптоо корутундусунда мыйзамдаштыруу мөөнөтү – 2008-жылдан 2022-жылга чейин көрсөтүлгөнүн, ал эми тизмеде 1998-жылы сатылып алынган мүлктөр да камтылганын, аны да конфискациялоону каалап жатышкандыгын билдирген.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты