Камчаткада тик учак кулап, болжол менен 22 киши каза тапты

Камчаткада Ми-8 тик учагы кулап, болжол менен 22 киши каза тапты. Орусиянын аймактык өзгөчө кырдаалар министрлигинин маалыматы боюнча, Ми-8 тик учагы 31-августта дайынсыз болуп жаткан. Тик учак дөбөгө урунуп кулаган.

Тик учакта 22 киши болгон, анын үчөө экипаж жана 19 жүргүнчү.  Тик учактын сыныктарын деңиз деңгээлинен 900 метр бийиктикте, байланышка чыкпай калган жерде байкалган.

ТАСС өз булактарына таянып билдиргендей, аман калган эч ким болгон эмес. Маалыматта айтылгандай, жүргүнчүлөрдүн арасында Россиянын футбол бирлигинин финансылык директору Арсений Замятин аялы менен болгондугу белгиленди. Алар Камчаткага отпускага барышкан.  

 SHOT телеграм-каналынын бул видеосу тик учактын сыныктары табылган учурдан кабар берет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты