Калкты пенсиялык камсыздандыруу менен камтууну кеңейтүү маселеси боюнча кеңешме өттү

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров  Социалдык фондду өнүктүрүү жана калкты пенсиялык камсыздандыруу менен камтууну кеңейтүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

2023-жылдын башында пенсионерлердин саны 740 миңге жакын саналат, жыл сайын алардын саны 40-50 миң адамга көбөйөт. Эгерде 2022-жылы ассигнация 29,4 миллиард сомду түзсө, 2023-жылы Соцфондго бюджеттен түз которуулар 41,4 миллиард сомду түздү. Ошону менен бирге, Социалдык фонддун калган басымдуу каражаттары бюджеттик уюмдардан камсыздандыруу төгүмдөр эсебинен да түзүлөт (2022-жылы — 23 миллиард сом, 2023-жылы — 27,6 миллиард сом), бул өлкөдө пенсиялык камсыздандыруунун өнүкпөгөндүгүн көрсөтүп турат. Пенсиялык системаны реформалоо боюнча натыйжалуу чаралар көрүлбөсө, республикалык бюджеттин пенсиялык камсыздоого кеткен чыгымдары жыл сайын жогорулай берет. 

Жыйындын жүрүшүндө ыктыярдуу пенсиялык камсыздандырууну өнүктүрүү, пенсиялык системанын субъекттеринин ортосундагы мамилелердин жаңы моделдерине өтүү жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорду колдоо чаралары боюнча милдеттер коюлду. 

«Биз бардык жаштарыбызга пенсиялык топтоо маселеси алардын жоопкерчилиги экенин так жана ачык айтып, аларга же Социалдык фонд менен иштешүүнү, же жеке пенсиялык фонддорго өтүүнү тандоо мүмкүнчүлүгүн сунуштообуз керек, бирок биз тигил, же бул ыкма аркылуу пенсиялык камсыздандыруу менен бардык калкты камтуубуз керек. Быйылкы жылы бул маселени чечишибиз керек”, — деди кеңешменин жыйынтыгында Акылбек Жапаров.  

«Мамлекет бардык жарандарыбызды татыктуу карылык менен камсыз кылууга милдеттүү. Бул биздин конституциялык милдетибиз. Бирок, мисалы, дыйкан чарба мүчөлөрү белгиленген ставкалар боюнча айына орто эсеп менен сегиз гана сомдон төлөм төлөп турган азыркы системанын шартында биз эч качан татыктуу карылыкты камсыз кылуу максатына жете албайбыз. Айыл чарба кызматкерлеринин төгүмдөрүнүн үлүшү – 0,6 пайызды, ал эми алардын пенсиясына кеткен чыгымдар 40 пайызды түзөт. Жеке ишкерлер жана башка категориялар боюнча ушундай эле көрүнүш орун алган. Биз мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоонун жагымдуулугун жогорулатуу боюнча бир катар мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңешке киргизгенбиз. Ошондой эле бардык жарандарга милдеттүү жана ыктыярдуу пенсиялык программалардын так, түшүнүктүү жана натыйжалуу механизмдери жеткиликтүү болуусу үчүн кеңири маалыматтык программаны жүргүзүү зарыл», — деди Акылбек Жапаров. 

Кеңешменин жыйынтыгында Социалдык фондго башка мамлекеттик органдар менен бирдикте бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде мамлекеттик эмес пенсиялык кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү жана жарандарды ыктыярдуу пенсиялык камсыздандырууга катышууга тартуу боюнча жумушчу топ түзүү тапшырылды. 

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор үчүн пенсиялык топтоолорду инвестициялоо инструменттерин кеңейтүү, ошондой эле кесиптик пенсиялык фонддорду өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу тапшырылды. 

Социалдык фондуна Топтоочу пенсиялык фонддор менен бирдикте калктын финансылык жана пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жарандар менен ишти өнүктүрүү сунушталды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты