«Кайыңды нан кабыл алуу пункту» мамлекеттик менчикке кайтарылды

  • 4 дня мурун

Чүй облусунун Панфилов районундагы мурда жеке жак тарабынан менчиктештирилип кеткен “Кайыңды нан кабыл алуу пункту” мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

-Чүй облустук мамлекеттик мүлк фондунун жооптуу кызматкерлери тарабынан жалпы аянты 3,4 га болгон «Кайыңды нан кабыл алуу пункту» имараттары жана курулуштары менен бирге жеке менчикке өткөрүлүп берилип, кийинчерээк үчүнчү жактарга кайра сатылгандыгы аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээси сметалык баасы 650 млн. 82 миң сомдук объектти өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди,-деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты