«Кайра чакыртып алуунун кажети жок». Президент жалаа жабуу, мазактоого айып салуу тууралуу пикирин билдирди

  • 1 неделя мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде коомчулукта талкуу жараткан Интернет жана ЖМК аркылуу жалаа жабууга, мазактоого айып салган мыйзам долбоору, ошондой эле Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу суроолорго жооп берди.

«Бул мыйзамды Маданият министрлиги сунуштаган экен. Мен кечээ социалдык түйүндөрдө талкуу болуп жаткандан кийин билдим. Менин оюмча, кайра чакыртып алыштын кереги жок. Анткени бул азырынча долбоор гана. Ошол эле депутаттар же ММКлар болобу, сунуштарын берсин, алымча-кошумча кылышсын. Мен дагы 100 миң, 200 миң айып пул салуу дегенге каршымын. Муну парламенттин кароосуна коюш керек. Канча айып пул салыш керек аны депутаттар чечет» деди президент.

Мамлекет башчы бул мыйзам эмне үчүн керек экенине мындайча оюн айтты:

«Азыр элибиздин дээрлик 95 пайызы интернет колдонот. Эки кошуна бири бири менен урушса интернет аркылуу урушуп жаткан заман. Социалдык түйүндөргө бири экинчисинин абийирин төккөн маалыматтарды жарыялап салат. Анан экөө соттошот. Маалымат жалган болуп чыгат. Сотто кечирим сурап же төлөчүсүн төлөп берип анан тынчып атышат. ММКлар менен бийликтин ортосунда дагы так ушундай эле жагдай. 

Министрлер кабинети Интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Документ Жогорку Кеңештин сайтында 25-июлда коомдук талкууга коюлган.

Анын негиздеме катында соңку учурда жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернетте мазактоо, кемсинтүү учурлары көбөйгөнү белгиленет. Документте “күнөөнү далилдөөнүн татаалдыгынан жана юридикалык ченемдердин көп маанилүүлүгүнөн улам жазасыз калууда” деп жазылган.

Министрлер кабинети Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, жеке адамдарга 1000 эсептик көрсөткүч – 100 миң сом, ишканаларга 2000 эсептик көрсөткүч – 200 миң сом айып пул салууну сунуштады.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты