“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынын алты кызматкерине айып тагылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тарабынан Өзгөн районунун кызмат адамдарына жана жооптуу адамдарга карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

 Аталган фактынын негизинде 2024-жылдын 18-майында Өзгөн районунун “Жылалды” айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, “Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Өзгөн райондук филиалынын мурдагы жетекчиси – А.Р.Т. кармалган.

Мындан тышкары, өзүнчө козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынын алты кызматкери К.З.К., Т.Т.Т., Б.М.А., А.К.М., Э.А.Д., Э.А.Т. кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты