Кадамжай районуна жана эки айыл аймакка өзгөчө кырдаал киргизилди  

  • 2 месяца мурун

Кадамжай районунда селдин кесепеттерин жоюу үчүн 24-июнда Кадамжай районунун акиминин буйругунун негизинде өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Мындан сырткары Лейлек районунун Катраң жана Лейлек айыл аймактарына жана Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында да өзгөчө кырдаал режими кирди.

Кечээ, 24-июнь күнү Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында катуу жааган жамгырдан сел жүргөн.

Жалпы облус боюнча 47 турак үйгө, 113 турак үйдүн огород участкаларына, 5 соц. обьектиге, кичи футбол аянтчасына сел кирип, ички чарбалык 17 жолго, 2,7 чакырым коргоо тосмого, көпүрө, 12 чарбалык курулуш, 2 суу кампага,  трансформаторго зыянын тийгизген.

Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1000ге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургундар коопсуз аймакка көчүрүлдү.

Түнү менен аймактарда райондук Жарандык коргонуу кызматтары сел келген аймактарда калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүздү. Ыкчам иш аракеттер уланууда.

Учурда облус аймагында жол каттамдары ачык.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты