Күркөдөгү газ баллон жарылуусунан беш киши жаракат алып, бирөө каза тапты

  • 2 месяца мурун

Кечээ, 13-июлда, Жалал-Абад шаарынын Түмөнбай Байзаков көчөсүндө жайгашкан «Тору» соода борборунун маңдайында жайгашкан газдалган суу сатуучу күркөдөн саат 10:07 де кислороддук баллон жарылган. Натыйжада 5 адам жарат алып, 1 жаран көз жумган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Облус аймагында жарандык коргонуу кызматтарына «Айгай» жарыяланып ыкчам штабдык отурум өттү. Анда Жалал-Абад облусунун жарандык коргонуу башчысы Тилек Текебаев жана жарандык коргонуу башчысынын орун басары полковник Абдулнасир Закиров тиешелүү тапшырмаларды койду.

Ага ылайык облустун аймагындагы тез тамактануучу жайлар жана кислороддук жана газ баллон колдонулган жайлар көзөмөлгө алынып, адистер тарабынан талапка жооп бербеген жайларды жабуу зарылдыгы белгиленди.

Сүрөт: АКИ пресс

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты