Көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилет

  • 3 недели мурун

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда 15-сентябрдан тартып көмүрдүн баасына үч айлык мөөнөткө убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилерин билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 90 күнгө көмүрдүн эң жогорку баасы коюлуп буйруктун аткарылышын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөйт.

Ушундай эле мамлекеттик көзөмөл 2023-жылдын 25-октябрында да киргизилген.

Расмий маалымат боюнча, өлкөдө жылытуу мезгилинде калк 1 млн тоннадан көп көмүр керектейт. Жыл сайын күз-кыш мезгилинде көмүр сатыла турган базалар ачылат. Адамдар өзгөчө кышында көмүрдүн баасы кымбаттап кетерин айтып, арызданышат.

Кыргызстандагы отузга жакын көмүр кени Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын аймактарында жайгашкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты