Көлөкөдөгү активизм: Жаңы конуштагы чечилбеген көйгөйлөр жана тынымсыз күрөш

Бишкек шаарынын чет жакасында акыркы 25 жылда расмий катталган 57 жаңы конуш пайда болду. Алардын көпчүлүгү 2005-жылдагы элдик толкундоолор учурунда жана андан кийин жерлерди мыйзамсыз басып алуунун натыйжасында түптөлгөн. 

Андан бери жаңы конуштардагы тургундардын саны 200 миңден ашкан. Бирок ал жерлердеги таза суу, мектеп, бала-бакча, оорукана жана жерлерди мыйзамдаштырууга байланыштуу бир топ маселелер чечилбей кала берген.   

Шаар мэриясы бул көйгөйлөр менен күрөшүүгө аракет кылып жатканын айтып келет. Ал эми конуштардагы активисттер, коомдук уюмдар бул маселелер менен күрөшүүнүн өз ыкмаларын издеп, түрдүү демилгелерди көтөрүп келишет. 

Ак-Жар жаңы конушу: Активисттин демилгелери

Ак-Жар — Бишкек шаарынын түндүк тарабында жайгашкан жаңы конуштардын бири. 

(Ак-Жар жаңы конушунун картасы)

Конуш борбордон болгону 10 чакырым алыстыкта жайгашып, 2005-жылы массалык жер ээлеп алуунун натыйжасында түптөлө баштаган. 

Конуш тургуну жана активист Гүлбүбү Дондоева Ак-Жарда башка конуштардай эле көптөгөн маселелер бар экенин айтып, аларды чечүү үчүн жергиликтүү тургундар жана активисттер түрдүү демилгелерди ишке ашырып келе жатышканын билдирди. 

(Гүлбүбү Дондоева жана Ак-Жар конушунун тургундарынын ички миграция маселелерине байланыштуу жолугушуу учуру) 

“Мен үй-бүлөм менен Ак-Жарга 2008-жылы көчүп келип, отурукташып калдым. Чынында ошол жылдары конушта электр жарыгы жана таза суу маселеси абдан курч болчу. Суу ташып, жарыгы жок жашап жүрдүк. Жакындарыбыз сыналгыдан көрүп “Эмне болгон жерде жашап жатасыңар!?” деп айтып калышчу (ред. күлүп). Анан биз конуш тургундары чогулуп, электр жарыгы жана суу киргизип берүүсү үчүн акцияларды уюштуруп жүрдүк ред. — жол жабуу акциялары). 2010-жылдан баштап ошол учурдагы бийлик өкүлдөрү биздин конушка суу жана электр жарыгын киргизүү боюнча иштерди башташты. 

А мен ошол жылдары жергиликтүүлөрдөн команда түзүп, конуштун картасын түзүп чыгуу милдетин аткардым. Негизинен, биздин конушта дале болсо көптөгөн маселе бар. Биз ошол маселелерди Жогорку Кеңештин депутаттарына жеткирип, тиешелүү мыйзамдар, чечимдер кабыл алынышы үчүн аракет кылып келебиз” , — дейт Дондоева. 

Ак-Жар конушунда  расмий каттоодон өтүп жашаган тургундардын саны 13 миңди түзөт. Мындан сырткары, каттоосу жок алыскы региондордон келип жашагандардын да саны арбын. Буга конуштагы батирлердин ижара акысы калаадагыга салыштырмалуу арзан болгону себеп.

Гүлбүбү Дондоева Ак-Жар конушундагы суу, электр жарыгы, жол сыяктуу көрүнгөн көйгөйлөрдөн сырткары, жашоочулардын турмушуна байланыштуу да маселелер бар экенин белгилейт.

“2020-жылдагы республикалык эл каттоодо биз командабыз менен иштедик. Ошондо биздин конушта жашагандардын дээрлик бардыгы Кыргызстандын алыскы региондорунан көчүп келген адамдар экени белгилүү болду. Алсак, жашагандардын 80% Кыргызстандын түштүк региондорунан ал эми калган 20%ы түндүк тарабынан көчүп келишкен. Өзгөчө жаңы көчүп келгендер көбүнчө батирлерде жашап, финансылык кыйынчылыктарга тушугушат. Биз ар түрдүү эл аралык жана жергиликтүү уюмдар менен иштешип, жардамдарды тартып келип, акысыз кесиптик курстарга жаздырууга  аракет кылабыз”.

Көбүнчө гуманитардык жардам берген уюмдар тургундар үчүн азык-түлүк жана керектүү заттарды берип кетишет. Аларды таратабыз. Бирок биздин койгон максатыбыз узак мөөнөттүү. Анда тургундар жакшы жумуштарда иштеп, өз укуктарын коргой ала турган деңгээлге жеткирүүгө аракет кылышыбыз керек дейбиз”, — дейт Дондоева. 

Жумушчулардын укуктарын коргоо жана маалымдандыруу 

(Ак-Жар конушунун тургундары “Ички мигрант аялдардын укуктарын коргоо” боюнча тренингде) 

Гүлбүбү Дондоева жогоруда айтып өткөн узак мөөнөттүү максат үчүн азыркы учурда командасы менен  “Ички мигрант аялдардын укуктарын коргоо” аталышындагы демилгенин үстүнөн иштеп жатышканын айтып өттү. Бул багытта алар бир жыл бою Ак-Жар конушундагы аялдардын эмгекке болгон укуктары кандай корголуп жатканын билүүгө аракет кылышкан. 

“Биз 2023-жылы “Равные Права” (ред. — Бирдей укуктар) коомдук бирикмеси менен APWLD  (Азия-Тынч океан аялдар, укук жана өнүгүү форуму) уюмунун FPAR долбоорунун алкагында изилдөөлөрдү жүргүздүк. Буга чейин аталган уюмдун кыз ала качуу, аялдарга каршы зомбулукту токтотуу долбоорлору менен иштегенбиз. Азыр болсо конуштагы ички мигрант аялдардын укуктарынын кандай корголуп жатканын билүү үчүн жүздөн ашык аял менен интервьюларды өткөрдүк. Изилдөөнүн жыйынтыгы бул багытта көптөгөн маселелер бар экенин көрсөттү”, -дейт ал. 

Алсак, изилдөөдө Ак-Жар конушунда жашаган аялдардын көпчүлүгү орто билимдүү болуп, атайын кесипке ээ болушпаганы айтылат. Алар көбүнчө конуштардагы тигүү цехтеринде жана үйдөн тигүүчү (ред. — надомница) болуп иштеп, эмгек укуктары дээрлик корголбойт.

(Ак-Жар конушунун тургуну Элзат Орозбекова) 

Мисалы, изилдөөгө катышкан аялдардын 90%ы эмгек келишими жок иштей турганын билдиришкен. Ал эми 5%ы жумуш берүүчү эмгек келишимин түзүүдөн баш тартканын айтышкан. 

Бул Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин бир канча беренелерин бузат. Өз учурунда бул көйгөй жумушчу аялдардын башка укуктарынын корголбошуна жол ачканы белгилүү болгон. Алсак, изилдөөгө катышкан аялдардын көпчүлүгү алар кош бойлуулук боюнча өргүүгө чыкпай тургандарын жана нормага ылайык иштөө сааттарынын жоктугун билдиришкен. 

Аялдардын негизги эмгек укуктары, анын ичинде эс алуу, кепилденген айлык-акыны алуу, өргүүгө чыгуу жана  социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жок болушу алардын абалын түрдүү багытта оорлоштурат. 

Гүлбүбү Дондоеванын айтымында, бул конуштардагы чоң маселелердин бири. Анткени тургундардын базалык эмгек укуктарынын корголбоосу аларды экономикалык жана социалдык жактан кыйынчылыктарга кептөөдө. 

“Биз изилдөө жүргүзүп жатып, конуштагы аялдардын эмгек укуктары одоно түрдө бузула турганына күбө болдук. Алар ооруп калса же өргүүгө чыкса, иш берүүчү эч кандай жоопкерчилик албайт. Ошондой эле кокустан жараланып калса да жумуш берүүчүлөрдү мыйзамдуу жоопкерчиликке тартып, кенемте өндүрүп алууга мүмкүн болбойт. Бул аялдардын дале аялуу катмар бойдон калышын шарттап жатат. Биз изилдөө жүргүзгөндөн кийин Эмгек Кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жана конуштардагы абалды катуураак көзөмөлдөө боюнча тиешелүү органдарга кайрылдык. Азыр командабыз менен бул багытта абалды жакшыртуу боюнча иштеп жатабыз”, -дейт Гүлбүбү Дондоева.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жарым миллиондон ашык аял жакырчылыктын чегинде жашап, айына болгону 4408 сом менен күн көрүшөт. Бул аялдардын ден-соолугунун начарлашына жана башка көйгөйлөргө себеп болуп жатканы айтылып келет. 

Эмне үчүн жериликтүү  актвисттердин демилгелери маанилүү?

Эл аралык уюмдар белгилегендей, жергиликтүү активизм жарандык коомду өнүктүрүүнүн жана жашоонун сапатын жакшыртуунун маанилүү компоненти болуп саналат. Дүйнөлүк банктын отчетуна ылайык, жарандардын жергиликтүү демилгелерге катышуусу көйгөйлөрдү натыйжалуураак чечүүгө жана туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзөт. Мисалы, активдүү жарандык коомдор бар өлкөлөрдө жакырчылыктын деңгээли 20% кыскарып, негизги кызматтарга жеткиликтүүлүк 30% көбөйгөн.

Буга Ак-Жар конушунун тургуну Гүлбүбү Дондоева сыяктуу жергиликтүү активисттер жана жеке адамдардын аракетин да мисал катары кошууга болот. Анткени алар командасы менен чейрек кылымга жакын убакыттан бери түрдүү демилгелерди көтөрүп, чечүү жолдорун сунуштап келишет.  

Автор: Гулиза Урустамбек кызы

Бул материал, APWLD (Азия-Тынч океан аялдар, укук жана өнүгүү форуму ) уюмунун “Милитаризм, тынчтык жана аялдардын адам укуктары боюнча медиа жана визуалдык журналистика стипендиясынын” алкагында даярдалды. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты