Травматология жана ортопедия борбору жабылган соң көчөдө калган бейтаптар

  • 2 года мурун

Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору жоюлгандан кийин андагы бейтаптар ара жолдо калышты. «ПолитКлиника» медиасына аталган борбордо дарыланып жүргөн жаш балдардын ата-энелери кайрылып, балдары оорукананын жоктугунан дарылануу мүмкүнчүлүгүнөн айрылып, дарттары күчөп жатканын айтышты. 

Эске салсак, 4-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Травматология жана ортопедия илимий борборун жоюп, директору Сабырбек Жумабековду кызматтан бошоткон. Бирок борбордо дарыланган бейтаптар жана дарегерлер башка жакка көчүрүлүп, аларга шарт түзүлүп берген эмес. 

Травматология жана ортопедия борбору жабылган соң көчөдө калган бейтаптар

Жыпаргүл Мамбетказиеванын баласы көп жылдан бери шал оорусу менен алышып келет. Анын айтымында, баласы бир нече операцияны башынан өткөрүп, басуу мүмкүнчүлүгү пайда боло баштаганда Травматология жана ортопедия илимий борбору жабылып калган. Азыр үйдө дарегерлердин кароосу жок жаткан баласынын абалы күндөн-күнгө начарлап баратат.

“Министр бизди ооруканадан итти куугандай эле кууп чыкты”.

“Оорукананы жапса дагы биздей ата-энелерди карайлатпай, оору менен алышып жаткан балдарды азапка салбай шарт түзүп беришсе болмок да. Бул ооруу менен жабыркаган балдардын 90%ы төрөлгөндөн баштап эле оорушат. Алар дайыма көзөмөлгө муктаж. Балам 17 жылдан бери ушул ооруу менен алышып келет. Канча деген дарылануудан өтсөк дагы эч кандай жыйынтык болгон эмес. 2018-жылы баламды Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда эки жолу операция жасатып, жаңы америкалык метод менен дарылата баштагандан кийин балам бутуна туруп, басуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло баштаган болчу. Эми азыр борбор жабылып, ара жолдо калдык. Баламдын абалы начарлап жатат. Министр ал оорукананы жаап, бизди көчөдө калтырды. Балдар убагы менен дарылануу курстарынан өтө албай кыйналып жатышат. Бизди бардык эле оорукана кабыл ала бербейт жана бардык эле дарыгер жаңы метод менен дарылоону  билбейт. Биз өзүбүздүн дарыгер Элина Жамалбековага эле ишенебиз”.

Травматология жана ортопедия борбору жабылган соң көчөдө калган бейтаптар

Ошондой эле оорукана жоюлуп, баласынын ден соолугу начарлап жаткан Кундуз Калбаеванын кызына Травматология жана ортопедия илимий борборунда үчүнчү операциясы жасалмак. Бирок оорукана жабылып, дарылоонуну токтогондуктан кызынын буттары кайра кыйшайып баштаган. 

 “Дарылоону токтотуп коюп, кызым кыйналып жатат”.

“Үч баланын энесимин. Балдарымдын экөөнө “церебралдык паралич” диагнозу коюлган. Бир кызым 2007-жылы төрөлгөн. Ошондон тарта эле түрдүү дарылоо курстарын өтүп жүрдүк. Бир жыл мурда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда Элина Жамалбекова деген дарыгер жаңы америкалык метод менен эки жолу операция жасаган. Кызымды басып кетет деп кепилдик беришкен. Бирок үчүнчү жолу дагы операция жасатышыбыз керек эле. Азыр оруукана жабылып биз дарылоонуну токтоттук. Учурда кызымдын буттары кайра кыйшайып, кыйналып жатат”.  

Травматология жана ортопедия борбору жабылган соң көчөдө калган бейтаптар

Нүргүл Абылова да ушундай оор жагдайда. Ал министрдин айынан оору менен жабыр тарткан жаш балдар кароосуз калып, кыйналып жатканын айтты.

“Кызым өзү басууга аракет кылып калган. Дагы бир операция жасатарда оорукана жабылып, биз талаада калдык. Биздеги дарыгерлердин баары эле жаңы метод менен дарылаганды билишпейт. Бизди ушундай жарым жан балдар менен кароосуз калтырып койгон министр Алымкадыр Бейшеналивге нааразыбыз. Мага окшогон канча деген энени ыйлатып, оорулуу балдарды азапка  салды. Оорукананы жабардан мурда биринчи бизге окшогондорго шарт түзүп, дарыгерибизди ошол жакка которуп берип, анан жаппайбы. Чыдамыбыз да, сабырыбыз да түгөнүүдө”.

Бул маселе боюнча Саламатыкты сактоо министирлигине кайрылганыбызда, маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору жабылганда борбор “Эне жана балдарды коргоо улуттук борборуна” көчүрүлгөнүн билдирди. Бирок аталган борбор азырынча бейтаптарды кабыл ала элек.

“Ооба, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору жабылган. Бирок биз орундарды “Эне жана балдарды коргоо улуттук борборуна” которгонбуз. Ал эми 16 жаштан жогору бейтаптар үчүн Улуттук госпиталда орундар даярдалган. Эки борбор тең апрелден тарта бейтаптарды кабыл ала баштайт”. 

Жогоруда каармандар сөз кылган дарыгер Элина Жамалбековага да кайрылып көрдүк. Дарыгердин айтымында, Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору көчүрүлгөн имараттын иштөө системасы менен дарыгерлер тааныша элек. 

“Бизди “Эне жана баланы коргоо борборуна” которушту.  1-апрелден баштап ошол жакта иштеп баштайт экенбиз. Азырынча ал жактын системасын билбейбиз, дарылоо курстары кандай методдор менен өтөрү да белгисиз. Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда иштеп жүргөндө бизде бардык шарт, медициналык шаймандар бар эле. Ошондой эле 16 жашка чейин да, 16 жаштан кийин да балдар бир корпуста жаткандыктан, биз баарын бирдей карап турчубуз. Эми эки жактан кандай иш алып барабыз, ал жагы кандай болот, айта албайм”.

Белгилей кетсек, 15-мартта Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда 300-350 орундуу травматология бөлүмү ачылган. Бирок бөлүм азырынча бейтаптарды кабыл ала элек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты