Ютуб канал ээсине массалык башаламандык  боюнча кылмыш иши козголду

  • 2 часа мурун

Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ИИБ) кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси, массалык башаламандыктар  боюнча “За правду” Ютуб каналынын ээси А.К.га кылмыш ишин козгоду.  

Ош облустук ИИБ маалыматында «5-июль күнү Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын тургундары чогулушуп, «ЮКЦ» цемент заводуна барышкан. Ал жерде чет элдик инвесторлордун иш алып баруусуна тоскоолдук жаратып, мурда иштеп кеткен К.А. аттуу жаранды «ЮКЦ» цемент заводуна жумушка кайра коюуну талап кылышып, бейбаштык кылышкан» деп жазылган.

22-октябрда А. К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда ыкчам-тергөө иштери уланып жаткандыгы айтылды.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Фейсбук баракчасына А.К.ны кармоо учурунда тартылган видеону жарыялады. Анда Ютуб каналынын ээсин кантип кармаганы жана анын Азамат Карабаев экени айтылды. Ага эч кандай чакыруу бербестен эле, жолдо бараткан жеринен алып кетишкендигин көрүүгө болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

 


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты