“Йакын Инкар” диний-экстремисттик уюмдун башчысы жана мүчөлөрү кармалды

  • 2 месяца мурун

“Йакын Инкар” диний-экстремисттик уюмунун башчысы жана мүчөлөрү кармалып, айрым мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартышты.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

УКМК тарабынан Баткен жана Кызыл-Кыя шаарында, ошондой эле Баткен жана Кадамжай райондорунда “Йакын Инкар” диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнө карата тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Анда 1983-жылы туулган И.З.А. аттуу экстремисттик топтун башчысы жана «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын 9 мүчөсү кармалган.

УКМКнын маалыматына ылайык, Кадамжай райондук сотунун чечими менен И.З.А. жана анын жакын өнөктөшү И.И.К. күнөөлүү деп табылып, өкүм чыгарылган. Ал эми калган мүчөлөрүнө карата кылмыш иштери ачылып, тергөө жүрүп жатат.

Мындан тышкары, Баткен облусу боюнча “Йакын Инкар” диний-экстремисттик кыймылынын дагы башка 12 мүчөсүнө УКМК тарабынан расмий эскертүү берилген. Жыйынтыгында алар “Йакын Инкар” диний-экстермисттик кыймылынын идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүп, уюмга мүчө болуудан ыктыярдуу түрдө баш тартышкандыгы айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты