Израил Нетаньяхуга кол салуунун алдын алышканын билдирди

  • 2 недели мурун

Израилдин чалгын кызматтары премьер-министр Биньямин Нетаньяху, коргоо министри Йоав Галант жана Коопсуздук кызматынын башчысы Ронен Барга кол салуу аракетинин алдын алганын билдирди.

Израилдин Коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, кол салуу операциясына даярдык көрүүдө негизги ролдо 73 жаштагы израилдик ишкер Моти Макман болгон, ал камакка алынды.

Ал узак убакыт бою Түркияда жашап, ирандык өнөктөштөрү менен каржылык байланыштарды сактап келгени айтылды. Макман Иранга эки жолу жашыруун келген. Ал жерде Ирандын расмий өкүлдөрү Израилдин лидерлерине кол салууну уюштурууну суранышкан.

Ал иран тараптан миллион доллар аванс сураганы, бирок кол салууга даярдык көрүү үчүн 5 миң евро гана берилгени айтылды. Анын милдетине чалгын маалыматын чогултуу жана Европада жашаган иран оппозиционерлерин өлтүрүүнү уюштурууга Орусия менен АКШнын жарандарын тартуу кирген.

Израилдин Коопсуздук кызматынын расмий билдирүүсүндө Макман тапшырманы аткарууда канчалык ийгиликке жетишкени айтылган эмес.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты