Израил менен ХАМАС Газа боюнча сүйлөшүүлөр жанданганын кабарлашты

  • 2 месяца мурун

Израил менен ХАМАС Газа тилкесинде ок атышууну токтотуунун шарттары боюнча ортомчулар аркылуу сүйлөшүүлөрдү кайра баштаганын билдиришти.

ХАМАС уюмунун башчысы Исмаил Хания Египеттин жана Катардын ортомчулары менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөргөнүн билдирди. Топтун мааалыматына караганда, мындан тышкары сүйлөшүү жараянына Түркия да кошулду.

Израилдик булактар ортомчулардан келишим боюнча жаңы сунуштарды алышканын ырасташты.

Эки тарап тең кеңири маалымат бере элек.

Ушул убакка чейин элдешүүнүн экинчи айлампасы боюнча бардык аракеттер ишке ашкан жок. Израил барымтадагыларды бошотууга кызыкдар. Хамас согуштук аракеттерди толук токтотууну жана Израил аскерлеринин сектордон чыгарылышын талап кылууда.

10-июнда БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газадагы ок атышууну баскыч-баскыч менен токтотуу боюнча АКШнын резолюциясын кабыл алган.

Бул планда өткөн жылдын 7-октябрында ХАМАСтын барымтасына калгандарды бошотуу, израил аскерлерин тилкеден акырындык менен чыгаруу жана Газаны согуштан кийин эл аралык көзөмөл астында калыбына келтирүү каралган.

Эл аралык коомчулук Израилди Газадагы операциясында жай тургундардын өмүрү кыйылып жатканы үчүн айыптоодо.

Израил ал жакта ХАМАСтын инфраструктурасын талкалап, террорчул согушкерлерди жок кылып жатканын айтып келет.

Сүрөттө: Газа сектору. Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты