Израил Ливанга сокку уруп, 200дөн ашык киши набыт болду

  • 2 недели мурун

Ливандын саламаттык сактоо министрлиги Израилдин 23-сентябрда урган соккуларынан кеминде 274 адамдын өмүрү кыйылганын, миңден ашуун киши жараат алганын билдирди.

Каза болгондордун канчасы «Хезболла» жоочулар тобунун мүчөсү, канчасы жай тургундар экени белгисиз.

Израил Ливандын түштүгүндө «Хезболланын» объектилерине 300дөн ашуун сокку урганын 23-сентябрда маалымдады.

Кечээки окуя 2023-жылы Газада кармаш башталып, Израил менен Ливандын чек арасында абал курчуй баштагандан берки эң ири чабуул болду. 22-сентябрда Израил Ливандын түштүгүндө курал-жарак сакталган жерлерден алыс кетүүгө, ал жакта жашагандарды эвакуация болууга чакырып, Иран колдогон, Израилде жана АКШда террордук уюм деп жарыяланган ливандык топ «Хезболлага» каршы «масштабдуу сокку» уруларын эскерткен.

Былтыр 7-октябрда АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка жана Ливан менен чек арасында ХАМАСтын өнөктөшү «Хезболлага» каршы согушууда.

Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталган 11 айдан бери тилкеде каза тапкандардын саны 41 миңден, жараат алгандар 95 миңден ашты.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты