Израил Ливанга “чектелүү” рейддерин баштаганын билдирди

  • 5 дней мурун

1-октябрга караган түнү Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ)  Ливандын түштүгүндө “Хезболла” тобуна каршы “чектелүү” рейддерин баштаганын билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Аскер билдирүүсүндө, Reuters маалыматы боюнча, аскерлер  жердеги “чектелүү, локалдык, максаттуу рейддерин” баштады, ал Израилдин түндүгүнө коркунуч келген элдүү пунктттарда “Хезболла” тобуна каршы багытталган.

Ливандын чек арага чектеш Аит-эш-Шааб поселогундагы тургундар атышууну жана тик учак жана учкучсуз учактардын  үнүн укканын айтышкан. Ливандын түштүгүндө Рмайшта, жарык берүүчү ракеталар учурулган.  

Ливандын Коргоо министрлиги 1-октябрга караган түнү билдиргендей, акыркы 24 саатта Ливандын түштүгүнө урулган соккудан кеминде 95 киши каза таап, 172 киши жаракат алган.  

Сүрөт: Reuters 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты