Израил БУУнун баш катчысын персона нон грата деп жарыялады

  • 3 дня мурун

Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Кац Бириккен Улуттар Уюумунун баш катчысы Антониу Гуттеришти персона нон грата деп жарыялады жана өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу ал Х социалдык түйүнүндө билдирди.  

“Ирандын Израилге кол салуусун ашкерелей албаган ар бир адам Израил жергесине кадам таштай албайт” деп билдирди министр.

Анын айтымында, Гуттериш 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын жоочуларынын Израилге кол салуусун айыптай алган жок жана террористтик уюмду  ашкерелөөгө эч кандай күч-аракет жасаган жок.

Израилдин тышкы иштери министри БУУнун азыркы баш катчысы уюмдун “тарыхында так болуп калат” деди, анткени ал террористтерди, күч колдонуучуларды жана баш кесерлерди колдойт” деп билдирди.

1-октябрдын кечинде БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш Ирандын Израилге ракеталык соккусу тууралуу твит жазып, бул Жакынкы Чыгышта жаңжалга айланып кетпесин деп кооптонуусун билдирип, сокку урууну токтотууга чакырган. Ал Иранды да, Израилди да атаган эмес.

1-октябрь күнү кечинде Иран Израилди ракета менен аткылады. Алар бул сокку ХАМАС лидери Исмаил Ханиянын, Ливанда “Хезбалланын” лидери Хасан Насралланын  өлтүрүлүшүнө жооп катары болгондугун белгилешти.

Сүрөттө: Антониу Гуттериш. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты