Израиль аскерлерин күжүрмөн даярдыкка келтирди

  • 2 месяца мурун

Израиль аскерлерин күжүрмөн даярдыкка келтирди. Мындай чечим Иран менен АКШда жана башка бир катар өлкөлөрдө террорист деп табылган Ливандын «Хезболла» тобу Израилдин аймагына сокку урушу мүмкүн деген кооптонуулардан улам кабыл алынды.

Бул тууралуу The Wall Street Journal өз булагына таянып жазды.

Гезит Израиль Иран менен “Хезболланын” кол салууга даярданып жатканын байкаганын, бирок сокку урабы же жокпу, азырынча белгисиз экенин белгилеген. Израиль армиясынын өкүлү Даниэль Агаринин айтымында, авиация Ливан менен чек араны кайтарууну күчөттү жана калк үчүн азырынча жаңы көрсөтмөлөр жок.

Буга чейин Израилдин Аскердик аба күчтөрүнүн колбашчысы аскер кызматкерлерине чет өлкөгө сапарын токтотууга буйрук берген.

Ливандын маалымат каражаттары “Хезболла” Бейруттун түштүгүндөгү кеңселерин эвакуациялай баштаганын кабарлашты. Уюмдун саясий штабы да жабылууда.

АКШ бул аймакка суу астында жүрүүчү кемесин жөнөттү жана экинчи авианосецтин келүүсүн тездетип жатат, деп жазат The Wall Street Journal.

АКШнын президенти Жо Байден Германия, Франция, Италия жана Улуу Британиянын лидерлери менен сүйлөшүп, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулады.

Өлкө лидерлери Иранды Израилге аскердик чабуул жасоодон баш тартууга чакырган.

Ошол эле учурда Fox News каналы өз булактарына таянып, Израилге кол салуу 24 сааттын ичинде болушу мүмкүн экенин билдирди.

Иран 31-июлда Тегеранда ХАМАС тобунун лидерлеринин бири Исмаил Ханияны өлтүрүлгөнү үчүн Израилден өч алууга убада берген. Топ АКШда жана Европа Биримдигинде террорчу катары таанылган. Израиль Ханиянын өлүмүнө тиешеси бар экенин тастыктай элек.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты