Исмаил Исаков: «Тууну өзгөртөбүз дегендери моралдык жактан туура эмес»

  • 8 месяцев мурун

«Азаттык» партиясынын төрагасы Исмаил Исаков «ПолитКлиника» медиасынын Тет-а-тет программасынын коногу болду. Анда ал мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча пикирин билдирди.

«Учурдагы туунун тегерегинде жүрүп жаткан кызуу талкуу, мамлекетибиздин тагдыры, келечегине коомубуздун кайдыгер эместигин билгизет. Мындай көрүнүш жакшылыктын жышааны. Бул, биздин келечегибиздин жакшы болоорун айгиленейт. Активдүү коому бар өлкө сөзсүз өнүгөт, өсөт, элдин жашоо турмушу жакшырат.

Ар нерсенин эки жагы бар. Жакшысы жаманы, биринчи жагы, экинчи жагы же күнгөйү, тескейи дегендей, коомго түшүнүктүү болуш үчүн туунун тегерегиндеги маселенин эки жагына тең калыстык үчүн токтоп кетейин.

Биринчи жагын карап көрөлү:

Тууну өзгөртүү боюнча мыйзамдын демилгечилери жамандык ой менен мыйзамдын долбоорун сунушташкан жок да. “Тууну жакшырталы, туубуз кооз, көрктүү болсун, жаңы туунун алдында өнүгүп кетели, жакшылыктар көп болсун” деген ойдо сунушташты да, аны өздөрү дагы айтып жатат.

Ушуга байланыштуу бир мисал: Жапондордун “Тойота” машинасын чыгарган компаниянын кызматкерлери, эгерде, компаниянын ишин жакшыртуу максатта кандайдыр бир сунуш беришсе, кызматкер компаниянын өнүгүшүн, өсүшүн каалайт экен деген таризде ага “сыйлык” беришет экен. Эгерде, тууну өзгөртүүнүн демилгечилерин ушундай көз караш менен карасак аларга сыйлык берип, алкыш айтпасак дагы жок дегенге жылуу сөзгө татыктуу. Мамлекетибиз өзгөртүлгөн туунун алдында өнүгүп, эл жыргал турмушта жашасын деген ойлору жана аракеттери үчүн аларды жеке сындоо менимче туура эмес, орусча айтканда “не корректно” деп ойлойм.

Экинчиден, демилгечилер жана башында аларга колдоо көрсөткөн президент Садыр мырза жана УККМнын төрагасы ушул мыйзам долбоорунун алкагында бүт кыргыз элинин ойун туу  маселесине бурушту. Барыбыз туу эмне экен деп, кызыгып ага баш отубуз менен кирдик. Туу мамлекеттин символу, атрибутунун бири да эми илинип турбайбы, мындан ары да илинип тура берсин деп, туунун баркына, кадырына маанисине анын ыйыктыгына маани бербегендер маани бере башташты. Эмне үчүн кызыл түстө? Эмне үчүн түндүк? Эмне үчүн күндүн 40 нуру деп. Аягында барыбыз  туунун баркын, туунун мааниси менен маңызына түшүнө баштадык… Мындайча айтканда туу жөнүндө сабакты талкуу аркылуу өткөргөнгө жетишип барыбыздын туу жөнүндө билимибизди жогорулатканга жетишишти.

Үчүнчүдөн, жарандарыбыздын тууга болгон уктап жаткан патриоттук сезимдерин ойготушту. Туунун маанисин, маңызын аны мамлекетти коргогондой коргош керектигин элибиздин аң сезимине киргизип коюшту. Тууну душманга алдырсаң же тууң жыгылса утулуу экен деген түшүнүк элдин жүрөгүнө кирди. Мындай ачылган сезимдер көпчүлүгүбүздө мурун болбой, ички сезимде уктап жаткан. Кечээги сезим менен, тууга болгон бүгүнкү сезим таптакыр башка. Бир сөз менен айтканда тууга болгон кайдыгер мамилебиздин таш талканын чыгарып, тууга өзгөчө мамиле кылуу керек деген түшүнүк элдин жүрөгүнө жетти.

Эгерде, демилгечилер маселени алып чыкпаганда тууга болгон кайдыгер мамиле ошол бойдон калмак. Бул жагынан караганда авторлорго рахмат айтыш керек. Алар, тууга болгон мамилени өзгөрттү, туунун ыйыктыгын билбегендерге билдирди, туубуз керемет экендигин түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди. Анын керемет экендигин түшүнгөндөр көбөйдү. Аны коргойм дегендердин саны болуп көрбөгөндөй өстү. Азыр туу жөнүндө айтпаган жаран практика түрүндө калбады. 

Эми экинчи жагын карап көрөлү.

Ошол эле депутаттар шайланып келгенден кийин конституцияга колдорун коюп туунун алдында, элге президенттин катышуусунда “ушул конституцияны жана мыйзамдарды сактайбыз”… дешип ант беришкен. Конституциянын 14-беренесинде мамлекеттин символу катары биринчи туу жазылган анын кандай болушу мыйзам менен бекитилген ошол мыйзамды бузбайм дешкен. Демек, мен бузбайм деген мыйзамды бузуп, башкача кылам дегени туура эмес болуп калат, аны ачык дагы жазып жатышат. Бул жагынан караганда тура эместиги чыгып жатат. Буга кошумча президент шайлоодон кийин кызматына киришердин алдында ант берип, ушул тууну ата энелер, балдарынын, неберелеринин маңдайларынан өпкөндөй өөп таазим кылбады беле, мен дагы сактаймын бузбаймын деп. Бул жагынан карасаң дагы өзгөртөбүз дегендери моралдык жактан туура эмес жана мыйзамды бузгандай болуп калат.

Экинчиден, автордук укук деген норманы эч ким жокко чыгарган эмес. Аны эч ким буза дагы албайт, бузса анын артынан моралдык жана материалдык зыян келтирди деп кийин миллиондогон дооматка жыкса болот. Мисал, “Тойота” машинасын лицензия алып башка өлкөдө чыгарып жаткандар, бизге рулу жакпайт экен, аны төгөрөк кылбай самолеттун  штурвалындай кылалы дешип, алардын руксаты жок чыгаргандай болуп жатпайбы? Фирма айтат да, “ай, биздин руксатсыз бир болтун алмаштыра албайсыңар, болбойт” деп, сотко берсе алар сөзсүз утушут. Таптакыр башка машина чыгарып эгерде ошол  “Тойотанын” бир деталын фирманын уруксаты жок койо алышпайт. Ошондуктан, туунун, гербдин жана гимндин өзгөчө статусу, өзгөчө орду бар. Алардын өзгөчөлүктөрү ойлоп тапкан адамдардын укугунда. Өзгөртөм десең, түсүн, размерин, формасын кыскасы баарын өзгөрт, жаңы ойлоп тап. Бул жагынан алганда дагы таптакыр туура эмес…       Үчүнчүдөн, тууну кабыл алышкандар кандай гана залкарлар болушкан, 350 депутаттын арасында мурунку мамлекет башчылары, илимпоздор, сүрөтчүлөр, жазуучулар, композиторлор, тарыхчылар, архитекторлор мындайча айтканда кыргыз элинин каймактары. Кандай гана дебаттар, кандай гана талаш тартыштан кийин 350 депутатты бир мушумдай кылып бириктирген ушул туу. Ошол 350 депутаттар бизге караганда тарыхты, каада салтты, үрп-адааттарды, кыргыз элинин өткөн жолун жакшы билишкен адистер болчу да. Ошолор кабыл алган, биз мурун терең маани бербеген туубуз жөнүндө эмне деп жатышат: “туудагы күндүн нуру бийлеген нурдай, желпилдеген кыймылы менен өзүнө тартып турат” дейт, экинчиси “түндүк өзү үйдүн ичине нур чачыратып тургандай көрүнөт” дейт, үчүнчүсү “мен аны тигип жатканда эмнегедир чарчоо сезим болбой, өзүмдү жеңил сезем” дейт… Кандай гана керемет сөздөр. Чындыгында, кунт коюп карасаң, эмнегедир жылуулук келип, желбиреген назик бий өзүнө тартып тургандай болосуң. Мына ушундай тууну ошол 350 депутат кабыл алган, 90 эмес. Сунушталган тууга 90ну бириге албай өздөрү эмнелерди айтып жатышат. Азыркысын аранын тиши, семичкедей… карасаң коркосуң найзанын учундай болуп кокусунан айланып кетип бир жериңди аралап же сайып кете тургандай дешет. Мындай карасаң ошондой.

Төртүнчүдөн, конституциянын биринчи беренесинде жазылып турат “Кыргыз Республикасынын эли мамлекеттик бийликтин  жападан жалгыз булагы” деп, азыр 90% эл каршы болуп турса  кантип, ким  каршы кабыл  алат? Бийлик, элдин каршылыгын эске албай өзүм билем деген ой менен кабыл алса, эл дагы өзүм билемдикке барбайт деп ким кепилдик берет. Аны эске алууга бийлик милдеттүү. Ошондуктан туу маселесинин экинчи жагынын негизинде караганда азыр өзгөртүү туура болбойт, мүмкүн эмес.

“Туу эмне өзгөрбөш керекпи”, деп дагы айтып жатышат. Байыркы грек философу Гераклит (биздин доорго чейин 500жыл мурун) “Все течёт, все меняется” дегендей “бардыгы кыймылдайт, бардыгы өзгөрөт”. Жаратылыштын мыйзамы ушундай. Ал ошол мыйзамды биринчи байкап айткан десек болот. Мисал алсак, эшикте корообузда өскөн дарактар, бир жылда үч жолу өзгөрүп турат. Бир мезгилде жапжашыл, экинчи мезгилде сапсары, үчүнчү мезгилде жалбырактары толугу менен түшүп башка түстө. Биз да адам баласы өзгөрүп турабыз. Балалык чак кандай сулуу балдар, кыздар. Орто чак жигиттер менен кыздар өзүнчө керемет, улгайган учурларбырыш басып, баса албай араң туруп араң жатып дегендей, салыштырсаң үч башка. Ошондуктан эртедир кечтир замандын шартына, өнүгүү деңгээлине ылайык туубуз дагы өзгөрүлөт. Бирок ошол өзгөрүүнүн өзүнүн шарты бар.

1) Мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагынын же элдин макулдугу менен таптакыр башкача түрдө өзгөртсө болот.

2) Мурункунун дизайынын калтырып азыркыдай нурдун түзүлүшүн гана алмаштырабыз десе элдин жана авторлордун уруксаты жана макулдугу менен алмаштырылса болот. Анда мурунку авторлор автордук статустан ажырабайт, жаңылары аларга кошулат.

Мына ушу эки шарт менен келечекте өзгөртсө болот.

Жыйынтыгында демилге менен чыккан авторлор жана аларды колдогондор азыркы шартта чоң утушта экендигин дагы кайталап койоюн:

1) туунун маанисин, маңызын, ыйыктыгын талкуу аркылуу элге жеткире алышты;

2) жарандардын тууга болгон сезимдерин түп тамыры менен өзгөртүшүп, тууга болгон патриоттук сезимди ойготуп аны күчөтүштү.

Азыр демилгечилер тууну өзгөртүүнүн эмес, ойготулуп күчөтүлгөн  сезимдерди бекемдөөнүн үстүнөн иштөөлөрү зарыл. Ал үчүн чет элдин мисалында, туу мамлекеттик мекемелерден башка, жеке менчик мекемелерде, жеке менчик үйлөрдө илинүүгө уруксат берүүнү мыйзам менен бекитүү керек. Бул бир жагынан алар ойлогон бюджетти толтурат. Экинчи жагынан жарандарыбызды тууну мамлекеттин символу катары сыйлаганга тарбиялап, тууга болгон патриоттук сезимдер жаштайынан бекемделет. Демилгечилер ушундай утуштары менен калып, өзгөртүү идеяларынан баш тартышса, баары үчүн жакшы болот», — деди ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты