Искусство таануучу Гүлчахра Токтосунова 77 жаш курагында каза тапты  

  • 2 месяца мурун

19-июлда 77 жаш курагында искусство таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,  көркөм сүрөт улуттук академиясынын мүчө-корреспонденти Токтосунова Гүлчахра узакка созулган оорудан кийин акка моюн сунду.

Токтосунова Гүлчахра 1947-жылдын 30-сентябрында Фрунзе шаарында туулган. 1968-жылы Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын жана 1973-жылы И.Е.Репин атындагы Ленинград көркөм сүрөт институтунун искусство таануу факультетин аяктаган.

1974-1984-жылдары Калмык АССРинин маданият министрлигинин системасында искусство боюнча методист, Калмык сүрөт галереясынын башкы сактоочусу болуп иштеген. 1985-1989-жылдары Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунда чыгармачылык секцияларды башкарган. 1990-2002-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Манас таануу жана көркөм маданият борборунда искусство таануу бөлүмүнүн илимий кызматкери. 1995-жылдан бери борбордогу ар кандай жогорку окуу жайларында окутуучулук ишмердигин жүргүзүп келген.

1997-2004-жылдары Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде илимий иштер боюнча директордун орун басары болуп иштеген. 2005-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт академиясында эмгектенип келген.

1991-жылдан бери сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Кыргыздын көркөм өнөрү тууралуу бир нече илимий макалалардын автору.

Кесиптик ишмердигинде музей, редакторлук, педагогикалык жана коомдук иштер менен алектенип келген.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Гүлчахра Искендеровна Токтосунованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.

Сүрөт: 24kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты