Ишкерлердин акчасын алдап алгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4- бөлүгүнүн  1- пунктунда  каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында, Ош облусунун А.М. жана Н.У.С. аттуу тургандары кармалды. 

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Алар УКМК төрагасынын атына жамынып алып, жеке ишкерлердин ири суммадагы акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алышкан.   Мындан тышкар, Ош облусунун тургуну М.Ш.га тиешелүү болгон Ош шаарындагы батирдин бир бөлүгүн жасалма документтер менен  мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды.

 Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, мыйзамсыз аракеттердин башка фактыларын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты