Ишкерлерди камакка алуунун ордуна күрөө, үй камагы менен алмаштырган мыйзам долбооруна кол коюлду

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров “Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 27-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам менен кылмыш-жаза кодексине, укук бузуулар жөнүндө кодексине жана кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди.

Кылмыш-жаза кодекси кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен мыйзамдуу ишкердик ишине тоскоолдук жаратуу үчүн жоопкерчилик караган жаңы 3381-берене менен толукталды.

Мындан сырткары кызмат адамдарынын ишкердик субъекттерине мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүүсү же алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуусу үчүн укук бузуулар жөнүндө кодексинин 436-беренесинде көрсөтүлгөн жоопкерчилик күчөтүлдү.

 “Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун президент демилгелеген.

Анда ишкерлерди камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын негизсиз колдонуудан коргоо максатында  мыйзам долбоору менен ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган бөгөт коюунун альтернативдүү чараларын (электрондук байкоо жүргүзүү, күрөө, үй камагы) колдонуу сунушталат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты