Ишкер Имамидин Ташовдун иши сотко өткөнү айтылды

  • 4 недели мурун

Ишкер Имамидин Ташовдун иши тергелип бүтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өттү. Бул тууралуу «Азаттык» анын адвокаты Самат Матцаковго шилтеме берип, жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Имамидин Ташов Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу), 327-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) жана 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталууда.

Баштапкы соттук угуу 23-август, саат 15:30га белгиленген. Сот жабык өтүп, ишти судья Чынгызбек Бердимуратов караары белгилүү болду.

Эскерте кетсек, Имамидин Ташовду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 22-апрелде кармаган. Анда УКМК: «Ташов Кыргызстан жана Казакстандын Республикасынын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды»,-деп маалымат берген эле.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты