Ишке орноштуруу агенттиктерине көзөмөлдү күчөтүү талабы айтылууда

  • 2 месяца мурун

Жарандарды чет өлкөгө жумушка жөнөткөн «Еврохантер» компаниясынын айрым кардарлары төлөгөн акчаларын кайтарып берүүнү талап кылууда. Компания каржылык маселелерден улам аны дароо кайтара албасын билдирип жатат.

Соңку учурда компаниянын кардарлары «Еврохантер» алардын акчасын алганы менен өз милдетин аткарбай жатканын айтып, даттанып келишкен. Мындай нааразылыктан кийин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги компаниянын лицензиясын токтоткон.

Мекемеге караштуу жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу борбору компанияга көйгөйлөр чечилмейинче жаңы кардарлар менен келишим түзбөй туруу жана буга чейинки кардарлардын каражатын кайтаруу талабын койгон.

«Еврохантер» компаниясынын маселеси парламентке да жетип, 12-июлда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев өткөргөн жыйында миграциялык маселелер, анын ичинде «Еврохантердин» кардарларынын нааразылыгы боюнча талкуу жүргөн.

2023-жылы күздөн бери «Еврохантер» менен 3 900 киши келишим түзсө, 100дөйү гана жумушка жөнөтүлгөн. Алар келишим түзүлгөндө төлөмдүн 50%, тагыраагы, 25 миң сомдон беришкен. Учурда кезекте тургандардын арасында келишимди жокко чыгарып, берген акчасын кайтарып алууну каалагандар да, кезегин күтүп турууга макул болгондор да бар.

Буга чейин «Еврохантер» менен келишим түзгөн айрым кардарлар бул маселе боюнча укук коргоо органдарына кайрылып, жооп болбой жатканын айтып чыгышкан. Алар интернетке жарыяланган кайрылуусунда маселеге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин көңүл буруусун суранышкан. Бул компаниянын ишине байланыштуу укук коргоо органдары маалымат бере элек.

«Еврохантердин» тегерегиндеги көйгөй Кыргызстандагы миграция маселесин жөнгө салууну күн тартибине чыгарды. Орусияга салынган санциялардан жана ал өлкөдөгү миграциялык талаптар катаалдаша баштагандан кийин мигранттар мекенине кайткан жана башка өлкөлөргө кеткен учурлар көбөйдү. Мындан улам жеке агенттиктердин Европа өлкөлөрүнө убактылуу жумуштарга жөнөтүүнү жарнамалаган билдирүүлөрү көп тарап жатат.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жарандарга чет өлкөлөрдө жумуш таап берип, жөнөтүү менен алектенген лицензиясы бар 160тан ашуун компания иштейт. Алар 26 өлкө менен байланышып, суроо-талапка жараша жумушчуларды жөнөтөт. Ошол эле учурда лицензиясыз иштеген фирмалар да бар.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты