Исхак Масалиев: «Мыйзам долбоору аркылуу бир окуу жайга артыкчылык берүү туура эмес»

  • 9 часов мурун

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында  «Акылман» лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө жана «Эл үмүтү» президенттик стипендия ээлерине артыкчылык берүү мыйзам долбоору каралды.

Депутат Исхак Масалиев билим берүү боюнча киргизилип жаткан мыйзам долбоору аркылуу бир окуу жайга артыкчылык берүү туура эместигин жана бул долбоорго каршы экенин билдирди:

-Бүгүн болуп жаткан реформалар таң калтырат. Бир туруп лицейлерди жок кылабыз деп атабыз, бир туруп 10 лицейди кайра киргизебиз деп атабыз. Кеп лицейдин аталышында эмес, кеп — сапатында. Кеп окуучулардын билими канчалык татыктуу болот, ошол мектептин окуучулары китеп менен канчалык камсыз болот, кеп — ошондо. Мен ушунчалык депутаттык тажрыйбам менен, бир мектеп боюнча өзгөчө мыйзам кабыл алып, анын бүтүрүүчүлөрүнө өзгөчө шарт түзгөндү биринчи көрүшүм, бул эч кандай мыйзам чыгаруучу табигатка дал келбейт … Президенттик лицей болсо, болсун, мыкты балдарды тандап алып, аларга шарт түзүп бергиле, окуткула, аларды чет өлкөгө жибергиле. Чет өлкөгө жиберип туруп, ошол бүтүрүүчүлөрдү алып келип, аларга өзгөчө шарт түзүү, бул башка кеп, мен аны колдойт элем» деди Исхак Масалиев.  

Президент демилгелеген мыйзам долбоору тууралуу парламентте юстиция министри Аяз Баетов маалымат берди. Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чет өлкөлөрдө сапаттуу кесиптик билим алуу үчүн президенттик «Акылман» лицейинин жана «Эл үмүтү» президенттик стипендиясынын ээси болгон жаштарды мындан ары да колдоо жана дем берүү болуп саналат.

Талкуу учурунда депутат Эльвира Сурабалдиева мыйзам долбоорунун аткарылышына, бүтүрүүчүлөрдү акыйкат тандоо принциптерине көңүл бурду. Депутат Надира Нарматова Билим берүү жана илим министринен демилгенин максатын жана келечекте аны ишке ашыруу пландарын жана мамлекеттин кепилдигин сурады. Эл өкүлү Айсулуу Мамашова мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине мурдагы  «XXI кылымдын кадрлары» программасынын катышуучуларын дагы конкурстан тышкары киргизүү сунушун көтөрдү.  

Депутат Кундузбек Сулайманов мыйзам долбоору аркылуу чет өлкөдө билим алган «Эл үмүтү» президенттик стипендиясынынын катышуучуларына артыкчылык берүү менен, башка окуу жайлардын кадыр баркын түшүрүп албайбызбы деген суроо узатты. Өз кезегинде депутат Бакытбек Марипов «Акылман» президенттик лицейин аймактарда ачуу, ЖОЖдорду артыкчылык менен аяктаган  бүтүрүүчүлөргө да жеңилдик берүү сунуштарын айтты. 

Ал эми депутат Камила Талиева «Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүн кадр резервине киргизүү нормаларын, лицейдеги окутуу программаларынын өзгөчөлүктөрүн тактады. Депутат Жаныбек Кыдыкбаев ушул сыяктуу артыкчылыктарды “Алтын сертификатка” татыган бүтүрүүчүлөргө да берүү сунушун көтөрдү.

Депутат Гуля Кожокулова гимназия мектептердин артыкчылын жоюп, бардык мектептерди бирдей статуска алып келип жаткан чакта президенттик лицейге артыкчылык берүүнүн мыйзамдуулугуна кайрылды. 

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты