Исфарада селден улам бузулган көпүрө оңдолууда

  • 1 месяц мурун

Тажикстандын түндүгүндөгү Исфара шаарынын бийлиги Кыргызстан менен чектеш аймактагы көпүрөнү калыбына келтирүү иштерин баштады.

Бул көпүрө селден улам бузулуп, анын кесепетинен Ворух айыл аймагынын Кожалы (Хожаи Аъло) айылынын тургундарынын кыймылы бир топ кыйындаган.

10-июль күнү кечинде узакка созулган нөшөр жаандын жана андан кийинки селдин кесепетинен Ворух жамаатындагы көпүрө бузулган.

Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, Баткен районунун Көк-Терек айылындагы Достук-Ак-Сай (Ворух-Исфана) унаа жолунда сел жүрүп, көпүрөнү бузуп кеткен. Бул көпүрө Кожалы айылы менен Ворух жамаатын облустун административдик борбору — Исфара шаары менен байланыштырып турган.

Жергиликтүү тургундар «Озоди» радиосунун кабарчысына билдиришкендей, бул көпүрө өткөн кылымдын 70-жылдарында курулуп, анын пайдубалы узакка созулган жамгырдан жана көп жылдар бою пайдаланылгандыктан бузула баштаган.

Исфара шаарынын төрагасы жол көйгөйүн чечүү жана талкаланган көпүрө өткөн суунун жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Жүк ташуучу унааларга ыңгайлаштырылып, көпүрөнү 10-12 метрге чейин кеңейтүү пландалууда.

Кийинчерээк Ворух менен Исфараны бириктирген трассаны жакшыртуу иши колго алынат. Тургундар жолго асфальт төшөлөрүн күтүп жатышат.

Ворух жана Чоркух жамааттары – Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында жайгашкан ири чек ара конуштары.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты