Ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын түштүк аймагы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, июль айында финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын (МСК)  түштүк аймагы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын бөлүм башчысы К.Н.Н. улуттук коопсуздук органынын кызматкерине Өзгөн шаарынын борборунда жайгашкан аянты 0,80 га ири инфраструктуралык объектини мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын жашыруу жана андан ары кылмыш ишин козгоодон баш тарттыруу үчүн 1 млн. 500 миң сом пара сунуш кылган.

Финансы министрлигине караштуу МСКнын кызмат адамынын аракеттеринде кылмыш белгилери байкалгандыгын эске алуу менен КР УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, 29-июлда 1 млн.500 миң сом өлчөмүндө пара берүү учурунда К.Н.Н. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда тиешелүү тергөө иштери, анын ичинде мыйзамсыз менчиктештирилген объектини мамлекетке кайтаруу иштери улантылып жатканы айтылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты