Ири, майда мүйүздүү малдарды экспорттоо убактылуу токтотулду

  • 1 неделя мурун

“СИОЖ” системасында мал-жандыктарды идентификациялоону инвентаризациялоого байланыштуу Ветеринардык кызмат тарабынан өлкө тышына ири жана майда мүйүздүү малдар менен жылкыларды экспорттоого уруксат берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, инвентаризация 15-20 күнгө созулат, андан кийин экспортко кайрадан уруксат бериле баштайт.

Бул чечим өлкөдөгү айыл чарба малдарынын так эсебин камсыз кылууга, ошондой эле ветеринардык жана санитардык нормалардын сакталышына контролду жогорулатуу максатында кабыл алынган. «Бул биздин ички республикалык жана эл аралык өнөктөштөрүбүзгө көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет»,-деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: agro.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты