Иран Орусиядан Су-35 жана абадан коргонуу системаларын сурады

  • 1 месяц мурун

Тегеран Израилге сокку урууга даярданып жаткан шартта Орусия Иранга абадан коргонуу системаларын бере баштады.

Бул тууралуу New York Times гезити ирандык эки аткаминерге шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Гезиттин маалыматына караганда, Иран жетекчилиги менен Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы жана мурдагы коргоо министри Сергей Шойгунун Иранга жасаган иш сапарынын алкагында аскердик жүктөрдү жеткирүү маселеси талкууланган. Тегеранда Шойгу өлкөнүн президенти жана Ирандын куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы менен жолукту. Иран басылмалары жолугушууда Шойгу Орусия «аймактык маселелер боюнча Иран менен толук кызматташууга» даяр экенин билдиргенин жазышты.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Иран Шойгу аркылуу Орусиядан Су-35 истребителдерин да сураган. Москва аларды жеткирүүгө макул болгон-болбогону айтыла элек.

Reuters Владимир Путин Шойгу аркылуу Ирандын Жогорку лидерин Израилге «сабырдуулук» менен жооп кайтарып, Израилдин карапайым калкына кол салбоого чакырганын жазды.

Аскер эксперти жана Израилдин эл аралык полиция департаментинин мурдагы офицери Сергей Мигдал дал ушул өтүнүч Тегеран менен Москванын ортосундагы соодалашуунун бутасы болуп калышы мүмкүн дейт. Анын пикиринде, Иран кырдаалдан пайдаланып, “бир нече саясий факторлорду курал-жаракка алмаштырууну” көздөйт.

Эксперт биринчи кезекте Тегеран Москвадан Су-35 өңдүү заманбап согуштук учактарды сурай алат деп эсептейт. Мигдалдын айтымында, азыр Иранда АКШ менен өнөктөш маалдан калган аскердик учактардын эскирген паркы бар.

Москва Тегеран менен аскердик чөйрөдө тыгыз кызматташат. Атап айтканда, Тегеран Москвага Украинада колдонулуп жаткан “Шахед” учкучсуз учактарын жана аларды тетиктерин берип келет.

31-июлда Тегеранда ХАМАС экстремисттик тобунун саясий лидери Исмаил Хания өлтүрүлгөндөн кийин Жакынкы Чыгышта чыңалуунун жаңы айлампасы башталды.

Иран анын өлүмүнө Израилди айыптап, өч алууга убада берди. АКШ жана союздаштары Иран менен” Хезболла” жакын арада Израилге кол салышы мүмкүн деп эсептешет.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты