Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Имановго эскертүү берилди
- 6 месяцев мурун
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Имановго эскертүү берилди. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Иманов Талантбек Орускуловичке эскертүү берилди.
Муну бөлүшүү