Индиядагы жер көчкү 143 адамдын өмүрүн алды

  • 2 месяца мурун

Индияда шейшемби күнү, 30-июлда, жер көчкү жүрүп, 143 адам каза тапты. Нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин жер көчкү жүрүп, айылдарды, чай плантацияларын каптады. 186 адам ар кандай жаракат алды.

Жергиликтүү ЖМКнын маалыматына караганда, чай плантациясында иштеген адамдар көбүрөөк жаракат алды. Кырсык 300дөн ашык үйгө зыян келтирди.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы Индиядагы жер көчкүдөн андагы кыргызстандыктар жабыр тартпаганын маалымдады.

“Министрлик Индиянын Керала штатында 143 адамдын өмүрүн алган жер көчкүдөн улам, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок экендигин билдирет. Кыргыз Республикасынын Индиядагы элчилиги өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандары менен туруктуу байланышта экендигин билдиребиз” деп айтылат маалыматта.

ТИМ элчиликтин ыкчам байланыш телефону аркылуу Индияда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл болгон учурларда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышарын билдирди: +91 9810304863,+91 9599921779.

Сүрөт: NDRF

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты