Имамидин Ташовдун иши: Шаардык сот райондук соттун чечимин колдоду

Бүгүн, 23-сентябрда, Бишкек шаардык сотунда KG Group курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу Биринчи май райондук соттун чечими боюнча айыпталуучунун апелляциялык арызы каралды.

Бул тууралуу соттун жүрүшүн чагылдырып жүргөн «ПолитКлиника» медиасынын кабарчысы Бектур Оргубаев билдирди.

Шаардык соттогу процесстен кийин адвокат Самат Матцаков «ПолитКлиниканын» кабарчысына буларды билдирди:

“Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер боюнча соттук коллегиясы биздин апелляциялык арызды, Биринчи май райондук сотунун токтомунан баш тартуу боюнча арызды карады. Башкача айтканда, алдын ала кароодо бир катар ходатайство, далилдердин андай болушу мүмкүн эместиги тууралуу айтылган. Далилдер толук изилденген эмес, баа берилген эмес. Алдын ала угууда сот далилдер ушундай болушу мүмкүнбү же жокпу деп карашы керек эле. Сот өз рамкасынан чыгып кетти. Ошондуктан биз Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз бергенбиз. Бирок шаардык сот биздин апелляциялык арызды канаттандыруудан баш тартып койду” деди адвокат Матцаков.         

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн Имамидин Ташов кармалган.

«Ташов Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин, мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды. Буга чейин УКМК тарабынан Ташов коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлерин бийликти күч менен басып алууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга чакырганы үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынган» деп билдирген УКМК.

Сүрөт: Бектур Оргубаев/»ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты