Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаев УКМКга суракка чакырылды ​

  • 2 месяца мурун

Улуттук Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери жана активист Жоомарт Карабаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылды.

Бул тууралуу “Кылым шамы” коомдук фонду билдирди.

“Улуттук Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаев УКМКга суракка чакырылды. Буга чейин ал атайын мекеменин ишмердүүлүгү менен макул эместигин билдирип, бир катар иштер боюнча экспертизага катышуудан баш тарткан. Сурактын себеби азырынча белгисиз деп жазылган” аталган коомдук фонддун маалыматында.

Жоомарт Карабаев Илимдер академиясы атайын кызматтын айтканы менен экспертиза берип жүргөнүн айтып келген. Бул тууралуу ал Олжобай Шакирдин сот процессинде да айткан.

Жоомарт Карабаевдин адвокаты аны кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү, массалык баш аламандыкка чакырык боюнча айыптаганын билдирген. Адвокат аталган берене боюнча кылмышка шектенүүгө негиз жок деп эсептейт.  

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты