ИИМдин кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комтети (УКМК) тарабынан ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери пара алуу фактысы менен кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 30-июлда кызматтык бөлмөсүндө  83 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Балыкчы шаарындагы ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери И.К.С. жана Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Ш.Ж.Т. кармалды.

Аталган кызматкерлер Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүндө катталган тергөөгө чейинки текшерүүнү токтотуу маселесин оң чечип берүү үчүн ишкерден акча талап кылышкан.

Кармалган адамдар козголгон кылмыш ишинин алкагында процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү үчүн Бишкек шаарына алынып келинген. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык, алар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМдин кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды
ИИМдин кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты