ИИМ: “Социал-демократтар” партиясынын жетекчиси добуш сатып алууга шектелип кармалды
- 3 дня мурун
14-ноябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына аттанган “Социал-Демократ” саясий партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековдун шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектелип, кармалганын билдирди.
«Буга чейин социалдык тармактарда жогоруда аты аталган партиянын мүчөлөрүнүн добуштарды сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү тараган. Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш иши козголгон»,- деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.
Маалыматка ылайык, мындан улам күбө катары “Социал-демократтар” партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков жана бир катар мүчөлөрү: К.И., А.Р., А.Н., С.Б., А.К., Ч.Д., Н.Н., Т.Р. А.Б. суракка алынган.
ИИМ партиянын төрагасы Темирлан Султанбековдун кармалганын маалымдады. Андан мурун партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксевердин кармалганын билдирген.
Кармалган жарандар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) убактылуу кармоочу жайына киргизилгени белгилүү болду. Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.
Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуудан четтетүү чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.
Эске салсак, кечээ, 13-ноябрдын кечинде 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерди шайлоого аттанып жаткан «Социал-демократтар» партиясынын штаб кеңсесине күч органдары келип, тинтүү жүргүзүшкөнү, ал жакка «Социал-демократтар» партиясынын төрагасы Темирлан Султанбековдун киргизилбей жатканы айтылган. Андан кийин Темирлан Султанбековду суракка алып кетишкени белгилүү болгон. Сурактан кийин Темирлан Султанбеков журналисттерге маек берип, «Социал-демократтар» партиясынын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен партиянын тарапташы Роза Турксевердин кармалганын билдирген.
Андан кийин анын жактоочусу Айбек Турдуев менен Кадыр Атамбаев 14-ноябрда саат 4:30 чамасында өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар күч колдонуп, Темирлан Султанбековду атасы менен чогуу унаага салып, алып кетишкенин, андан бери алардын кайда кармалып турганы белгисиз экендигин айтышкан.
Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы