ИИМ: Ошто өспүрүм кыздын сексуалдык зомбулукка кабылышы боюнча иликтөө иштери башталды   

  • 3 недели мурун

Акыйкатчынын укук коргоо органдарынын жетекчилерин Ош шаарында зомбулукка кабылган 15 жашар кыздын укугун коргоого чакыруу боюнча Ички иштер министрлиги (ИИМ)  жооп берди

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаарынын үспүрүм тургунун бир топ балдар-кыздар Кара-Суу районундагы каналдын жээгине алып барып, эч себепсиз сабап, бир нече күн белгисиз даректе кармашкандыгы боюнча ыкчам маалымат алган.

23-август күнү жогорудагы окуя Ош ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.
Бул факты боюнча ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгы тарабынан иликтөө иштери башталган.

Жашы жете элек М.М. социалдык коргоо кызматынын катышуусунда күбө катарында суракка алынып, көрсөтмө берген. 

Жабырлануучу М.М.га  соттук-медициналык жана биологиялык экспертиза дайындалган. 

Жабырлануучуну  ур-токмокко алууга катыштыгы бар 2003-жылы туулган Э. Б.  жана  Ош шаарындагы мейманканада зордуктоого шектелип жаткан 1997-жылы туулган У. Х. тергөө кызматына жеткирилген. 

Учурда окуяга тиешеси бар башка жарандардын тек-жайы аныкталып, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды.

Ош шаарында 15 жашар кыз сексуалдык зомбулукка кабылгандыгы тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева билдирип, өлкөнүн укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылган.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева КРнын укук коргоо органдарынын жетекчилерин Ош шаарында зомбулукка кабылган 15 жашар кыздын укугун коргоп, кечиктирилгис чараларды көрсөтүүгө чакырды. Акыйкатчыга, бир айдан бери сексуалдык кулчулукта кармалып келген 15 жашар кыздын өкүлү кайрылган деп айтылат маалыматта.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты