ИИМ: Ош шаарында унаамектептин кызматкери пара талап кылуу боюнча кармалды

  • 1 месяц мурун

Ош шаарында жайгашкан унаамектептердин биринде мугалим болуп иштеген аял айдоочулук күбөлүк алып берем деп жарандан 50 миң сом акча пара катары талап кылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарларды.

Маалыматка ылайык, ИИМдин аймактык бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну Т.А. арыз менен кайрылган. Арызында ал 5-август күнү унаамектепте иштеген “Д” аттуу аял «айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзаменден ийгиликтүү өткөрүп, айдоочулук күбөлүк алып беремин»- деп, ал үчүн  50.000  сом акчаны пара катарында талап кылып жаткандыгын билдирип, жогорудагы атуулга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

«Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 13-август күнү  болжол менен саат 10:00 чамасында арыздануучу  жарандан  унаамектептин мугалими Д.С. унаа мектептин алдында 40.000  сом акчаны алганда  кармалды. Ал акчалар далил буюм катарында алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы белгилүү болду.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты